Бишкекте тургундар "акылдуу эсептегичтин" орнотулушуна каршы акция өткөрүштү

Бүгүн, 28-октябрда Бишкектин Кулиев жана Иваницын көчөлөрүнүн кесилишинин тегерегинде жашаган тургундар "акылдуу эсептегичтин" орнотулушуна каршы акция өткөрүштү.  "Суу ресурстары бай өлкөдө жашап жатып, бизде жарык өчүрүлөт. Жогору жактагылар уккусу келбей жатышабы же билмексен болуп жатышабы?"  деген тургундар "акылдуу эсептегичтерди" орнотууга келген "Түндүк электр" ААКынын кызматкерлеринин ишин токтотушкан.  Шаар тургуну Жылдыз Конокбаева: "Бизден эч кандай уруксат сурабай, түшүндүрбөй туруп эсептегичти коюп коюшту. Эки ток чайнекти сайганыбызда жарык өчүп калды. Мен орнотулушуна каршымын. Үйдө кичинекей балдар менен жашайбыз. Элди ойлобой кыш келгенде орнотуп баштагандары таң калтырат",- деди. Аталган көчөнүн жашоочусу Курбаналиев Алибек: "Акимиаттан, “Түндүк электрден” жетекчилер келип, эл менен сүйлөшүп кетишти. Эл "акылдуу эсептегичтерге" каршы. Алар 5 киловатт беребиз дешет. Бул жактагылар ээн баштык кылып 15 миллион долларга жабдыктарды алып, коюп жатышат. Натыйжада элде  жарык өчүп, кыйналып жатат. Бүгүн эл койдуртпай, жетекчилик алып кетти. Элдин үнүн жогору жакка жеткизели деп бейшемби күнү элдерди чогултабыз",- деди.  "Түндүк электр" ААКсынын кызматкери Талант Жээнбаев эсептегич орнотууга келишкенин жана эл каршылык көрсөткөндөн кийин жетекчилик келип сүйлөшүп, орнотуу башка күнгө жылдырылганын айтты.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан