Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бир катар саясий партияларга жазуу жүзүндө эскертүү берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жол-жобосунун сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде, бир катар саясий партияларга үгүт жүргүзүүнүн эрежелери менен тартибин бузгандыгы үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берди.
- үгүт материалдарын объектинин ээлеринин макулдугусуз жайгаштыргандыгы үчүн "Реформа" саясий партиясы;
- 18 жашка чыга элек адамдарды үгүт материалдарында колдонгону үчүн "Социал-демократтар" саясий партиясынан талапкер Сарылдык уулу И.
- "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлер Асылбеков Т.А. жана Алымбаев А.А. 18 жашка чейинки адамдардын үгүт материалдарын колдонгону жана үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен жайгаштырганы үчүн;
- үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен жайгаштырганы үчүн "Ишеним" саясий партиясы;
- чет элдик жаран тарабынан үгүт жүргүзгөндүгү үчүн "Келечек-Будущее" саясий партиясы.