УКМК: "Коррупцияга каршы кызматта иштейм деп пара талап кылган жаран кармалды"

УКМКнын коррупцияга каршы кызматында иштейм деп элди алдап, текшерип акча алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

"Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча УКМКнын кызматкеримин деген Т.С.К. аттуу жаран кармалды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Кыргыз өлкөсүнүн Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган жаран Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефонуна (03522) 50849 кайрылсаңыздар болот", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2021-07-09 13:24:40
Миң доллар сурабайбы? 100 доллар?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан