Ош облусунун Араван районунда жеңил унаа толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ош облусунун Араван районунун Араван айылындагы турак үйдүн короосундагы Ауди үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, 9-июлга караган түнү саат 02:35те өрт чектөөгө алынып, 02:50дө өрт толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.