Бишкек шаарынын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошууга бар-күчүн жумшоону эңсеген, коомубуздун алдыңкы катарындагы, демилгелүү жана улуу максаттарга умтулган жаштарыбыз жок эмес. Ушундай жаштарыбыздын бири "Эмгек" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанган Назир Асанбердиев.
- Борбор калаанын кайсы көйгөйү сизди ойлондурат?
- Актуалдуу делгендерден шаарды каптаган кара түтүн ойлондурат. Биздин партия бул маселени чечүүгө даяр.
- Кара түтүн деп калдыңыз, айтсаңыз аталган маселени кантип чечүүгө болот деп ойлойсуз?
- Менин байкоом боюнча кара түтүн шаарды кышындагы үйгө от жагуу мезгилинде гана каптайт. Ал эми жайкысын таза. Айрымдар кара түтүндү ЖЭБден көрсө, кээ бирлери шаардык таштандыдан көрүп келет. Ал эми маселе аларда гана эмес. Борбор калааны айланта көптөгөн калктуу конуштар жайгашкан. Алардын инженердик инфраструктурасы жок, үйлөр көбүнчө көмүр менен жылытылып, кээ бир учурларда резина да жагылат. Менин оюмча аларды газдаштыруу зарыл. Ошондо гана балким, борбор калаанын абасы тазарат. Ошондой эле биз эгер шаардык кеңешке келсек, “Ышсыз Бишкек” программасын кабыл алабыз.
Эгерде мандатка ээ болуп калсаңыз негизи экологиялык коопсуздукка көңүл бурасызбы?
Албетте! Биринчи кезекте экологиялык коопсуздукка көңүл бурабыз. Ошондуктан биздин партиянын программабызда экологиялык коопсуздукка абдан жакшы көңүл бурулган. Максатыбыз - баш калаанын абасын жакшыртуу. Мына ошондуктан жогоруда айтып өткөндөй эле “Ышсыз Бишкек” программасын кабыл алабыз. Айлана-чөйрөнүн өндүрүш тармагынан булгануусун төмөндөтүп, жашыл экономикага өтүүнү жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарын колдонууну баштайбыз. Тактап айтканда, биз шамал менен күн энергиясын өнүктүрөбүз. Мэриянын алдында Экологиялык эксперттик кеңеш түзөбүз. Андан сырткары борбордун абасынын булгануусуна каршы күрөшүүгө активдүү жарандарды жана коомдук уюмдарды тарталы деп жатабыз. Кыскача айтканда, биз экологияга зыян келтирбей тургандай шаар турмушун куруп берүүнү көздөдүк. Муну менен катар “Эмгек” партиясынын программасында мончолорго унаалардын дөңгөлөктөрүн, тигүүчү цехтерден чыккан ар кандай калдыктарды жагып жаткан тараптарга да көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледик. Ошондой эле электр кыймылдаткычы менен жүргөн унаалар үчүн инфраструктура түзүү, электромобилдерди сатып алуу үчүн жеңилдиктерди берүү зарыл.
Партиябыздын программасында таштандыларды сорттоо ишин киргизүү каралган. Башкача айтканда, Бишкектин полигонго ташылуучу турмуш-тиричилик калдыктарынын санын кыскарталы деп жатабыз. Себеп акыр-чикир айлана-чөйрөгө, жаратылышка чоң зыян келтирип, анын кесепетинен аба булганууда. Ошондуктан биз таштандыларды ылгоо ишин киргизип, кайра иштетүүгө шарттарды түзөбүз. Бул өз кезегинде оң натыйжа берет деп ишенем.
- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, каалаарыбыз алдыга коюлган ой-максаттарыңыздын баары орундалсын.
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!
11-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ар бирибиз шайлоого катышып, шаардык кеңештин депутаттарын 4 жылга шайлайбыз. Биз жөн гана депутаттарды шайлап гана койбостон, борбор калаабыздын келечегин тандайбыз. Мындан улам мен силерди туура тандоо жасап, тажрыйбалуу адистердин башын бириктирген, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштей турган, туура максаттарды коюп, бардык күч-аракетти жумшаган партияга добуш берүүгө чакырам. Себеп, алдыбызда оор убакыт келе жатат. Пандемиянын 3 толкуну болууда. Учурда борбор калаада кырдаал оор. Ошондуктан шайлоодон кийин үйрөнүүгө убакыт жок. Биринчи күндөн баштап, шаарда түзүлгөн көйгөйлөрдү чечиш керек жана бюджетти кайра калыбына келтирүү планын иштеп аны аткаруу керек. Биз, тажрыйбалуу жаратмандар, өндүрүшчүлөр, саясий ишмерлер ал планды талдай алабыз, сынай алабыз жана бекитилген пландын аткаруусун талап кыла алабыз. Анткени “Эмгек” партиясы элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коёт жана биздин катарда шаарыбызга позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келе турган, келечекте эл үчүн татыктуу таяныч боло турган жаштар бар. Башкача айтканда, биз өлкөнүн күчтүү кадрларды бир командага топтоло алдык. Биздин партияга добуш бергендер туура тандоо кылат деп жоопкерчилик менен айта алам. Биз программабыздын максаттарын жана милдеттерин толук ишке ашыра алабыз. Ошондуктан сиздер эгерде Бишкектин эртеңки келечегине кайдыгер карабай, “Эмгек” партиясына добушуңуздарды берсеңиздер, сиздердин үмүттү актайбыз.
БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.
«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Өмүралиева тарабынан каржыланды.