Ысык-Көлдө Индиядан келген эс алуучуну катамарандын ээси сабап салды деп шектелүүдө

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Индиядан келген эс алуучуну катамарандын ээси сабап салды деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл РИИБинде бул факты катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

"Милицияга 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 8-июль күнү саат 17:00 чамасында "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу жайында анын жолдошу менен катамарандын ээси уруша кеткенин айткан. Анда анын жолдошун шектүү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, бир канча жолу уруп жибергенин айткан. Жабырлануучунун жолдошу Индиянын жараны болгон.

Сотко чейинки өндүрүштө катамарандын ээси аныкталып, ал Чолпон-Ата шаарынын А.Р. аттуу 1983-жылы туулган тургуну болгон.

Ал эми жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikaademi
2021-07-09 18:05:56
Ырас кылыптыр
-5
make2
2021-07-09 18:10:21
10 жылга камагыла ошондо башкаларга сабак болсун
-1
modem4999
2021-07-09 19:39:14
Колдуктор ушинтип атсанар кайсы турист келет .
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан