Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү аяктады

10-июлда саат 18.00гө карата Бишкек шаары боюнча 179 шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү аяктады, 2 276 шайлоочу добуш берди. 228 шайлоо участогунан 183үндө шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаары боюнча 78 шайлоо участогунун 65инде шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. 10-июлда саат 18.00гө карата 30 шайлоо тилкеси боюнча добуш берүү аяктады, жайдан тышкары жерде 1 168 шайлоочунун 1 миң 27си добуш берди.

Токмок шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктады. Бардыгы 20 шайлоо тилкеси добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздар берилген. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде 222 шайлоочунун 203ү добуш берди. Баардык 20 шайлоо участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Бектурган
2021-07-10 21:17:53
Неге экөөзү эле тигиндей кийимде, калганы мындайле кийимде. Ошондо вирус тиги экөөнө эле жугатпы???...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан