Баткендеги чек арадагы жабыр тарткан айылда көчмө жыйын өттү

Баткендеги чек арадагы жабыр тарткан айылда көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен облусунун чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жабыр тарткан чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү боюнча Лейлек районунун Максат айылында көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйында чек арадагы каргашалуу окуяда жабыр тарткан үйлөрдү жана социалдык объектилерди жана башка айыл эли үчүн керектүү делген шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттерди ыкчам жүргүзүүнү колго алуу жагы каралды.

Облус башчысы бүгүнкү күндө калыбына келтирүү боюнча курулуш иштерин күчөтүү үчүн курулуш бригадаларын көбөйтүп, жумушчу топторду тартууну айтты. Ошондой эле ар бир облустук, райондук кызматтар өз милдеттерин так аткарып, биргеликте иш-аракет жүргүзүүнү талап кылды.

Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүл Максат айылындагы башкы жолдун асфальттоо иштери жана айылдагы көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча жолдор башкармалыгына тапшырды. Ошондой эле ар бир мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери баш болуп элдин ишенимин актоого аракет жасоону айтып, Максат айылындагы калыбына келтирүү иштери соңуна чыкканга чейин аталган айылда жатып иштөөнү талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alishdaman
2021-07-10 23:51:20
Мындай жыйындын далайы өттү го чиркин убада бере берет убада байкуш бийликтегилер менен убара
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан