Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди (фото, видео)

Сузактагы "Манас" айтуу фестивалында жабыркаган 10 бала Бишкек шаарына алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалым болгондой, абалы оор деп бааланып жаткан он бала туугандары менен биргеликте Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот.

Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.

Бүгүн, 3-майда кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алуу үчүн жерине УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева барды.

Кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлдү.

Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке алынып келинди (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан