Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоо башталды.
Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде шайлоочулар келип, өз добуштарын берип кетишүүдө. Аталган шайлоо тилкеси саат 8:00дө шайлоочуларга өз эшигин ачты. Кезек күткөндөр жокко эсе. Ал эми жарандардын коопсуздугу үчүн бардык эпидемиологиялык шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 17 партия, Ош шаардык кеңешке 9, Токмокто 6 партия ат салышууда.