"Шайлоого жакшы үмүт менен келдик". Бишкектеги №1205 шайлоо тилкесинде шайлоочулар активдүү катышууда

Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүп жатат.

Бишкектеги №1205 шайлоо тилкеси укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдө. Андан сырткары бардык санитардык эрежелер сакталган. Дем алыш күнгө карабай шайлоочулардын активдүүлүгүн байкоого болот.

Таң эрте добуш берүүгө келген Апсамат мырза бул жолу шайлоо таза өтөт деп үмүт кылат.

“Шайлоого жакшы үмүт менен келдик. Элди убара кылбай бул жолу таза шайлоо болот деп ишенем. Кайра-кайра шайлоо кылгыдай мамлекеттин акчасы деле аз. Бири-бирибизди ойлойлу”, - деди шайлоочу.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 17 партия, Ош шаардык кеңешке 9, Токмокто 6 партия ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан