Бишкек, Токмок, Ош шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоо бүгүн, 11-июлда өтүүдө.
Борбор калаадагы №1111 жана №1112 шайлоо тилкелеринде бардык санитардык эрежелер сакталып, мекеменин алдынан шайлоочуларды атайын медициналык коргоочу костюм кийген кызматкерлер тосуп алышууда. Бул шайлоо участкаларына баш баккан шайлоочулардын саны азырынча аз.