Тынчтык Шайназаров: "Үч шаардык кеңешке жалпы 2 миң 204 талапкер ат салышууда"

Үч шаардык кеңешке жалпы 2 миң 204 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

"Шаардык кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Депутаттык мандаттар шайлоочулардын 7 пайызынан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добуштарынын санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого 26 саясий партия катышууда, алар 2 204 талапкер көрсөттү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайларга кирүүгө мүмкүн болушунча толук шарт түздү. Шайлоо комиссияларын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө кунт коюп мамиле жасоону өтүнөбүз", - деди Шайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан