Бишкек шаары боюнча саат 10:00гө карата 15 миң 59 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов брифингде билдирди.
"Жалпы шайлоочулардын саны 3,53 пайызды түзөт. Кечээ шайлоо тилкелеринен тышкары жайда добуш берүү өттү. Анда Бишкекте – 2 миң 277 шайлоочу катышты", - деди ал.
Учурда Бишкекте, Ошто, Токмокто кайра шайлоо өтүүдө.