Ош шаарында саат 10:00гө карата 13 миң 800 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда брифингде Ош аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.
"11-июлда шайлоого карата 78 шайлоо тилкелеринде добуш берүү убагында башталды. 9 партия шайлоого аттанышкан. "Ынтымак" партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан. Учурда 8 партия шайлоого катышып жатат. Саат 10:00гө карата 13 миң 800 шайлоочу катышты. 7 шайлоо тилкесинде техникалык мүчүлүштүктөр байкалды", - деди ал.