Токмокто саат 10:00гө карата 2 миң 866 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда брифингде Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жылдыз Молдогазиева билдирди.
"Токмок шаардык кеңешке 6 партия ат салышып жатат. Жалпы 13 даттануу арызы түштү. Анын 10у каралган. 2 партияга эскертүү берилген, 2 партияга айып салынган. Калгандары каралууда. Кечээ, шайлоо тилкесинен тышкары жайда 203 шайлоочу добуш берген. Саат 10:00гө карата 2 миң 866 шайлоочу добуш берди. Бул шайлоочулардын 7,52 пайызын түзөт", - деди ал.