Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык кеңешке шайлоо тилкелерине шайлоочуларды массалык ташуусу жөнүндө маалыматты текшерет. Бул тууралуу журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун өкүлү Чынара Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте добуш берүү башталгандан бери мыйзам бузулгандыгы жөнүндө маалымат келе баштады. "№1301 шайлоо тилкесинде бир партиядан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер шайлоочуларды массалык ташуу иштерин жүргүзгөндүгү, ал ташууга түздөн-түз катышкандыгы жөнүндө бир нече билдирүүлөр келип түштү", - деди ал.