Улукбек Марипов жубайы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди.

Ал жубайы менен Бишкек шаарындагы №1032 шайлоо тилкесинде өз тандоолорун жасаганын министрлер кабинетинен маалымдашты.

Улукбек Марипов белгилегендей, республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл.

Буга чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу кайрадан шайлоо дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2021-07-11 16:39:15
аа тузук,шлепкасын чечиптир Марипова "айым"))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан