Мурунку шайлоого салыштырмалуу шайлоого катышкандардын саны жогору. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Шайлоочулардын активдүүлүгүн белгилеп кетсек болот. Ошондой эле биздин мамлекетибиздин үч шаардын ушул шайлоо процесси ачык маанайда өтүп жатат", - деди ал.
Учурда Бишкекте, Ошто, Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат.