Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузуу боюнча 10 арыз түштү. Бул тууралуу брифингде аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.
"Анын ичинен 7си шайлоочулардын добушун сатып алуу, шайлоочуларды шайлоо участкаларына алып келүү боюнча 2 факты болду. Дагы бир мыйзам бузуу катталды. Бардык кайрылууларга мыйзамдын негизинде чечим кабыл алынышы керек. Ошол тартипте иш жүргүзүлөт. Козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилет", - деди Шайназаров.