Бишкекте 55 миң 503 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.
Бул саат 14:00гө карата көрсөткүч.
Анын айтымында, 13,65 пайыз шайлоочу добуш берди. "Ленин районунда 17 миң 199, Свердлов районунда 13 миң 110, Биринчи Май районунда 12 миң 916, Октябрь районунда 12 миң 278 шайлоочу добуш берди", - деди ал.
Учурда Бишкекте, Ошто, Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат.