Ошто 40 миң 695 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, 26,65 пайыз шайлоочу катышты. Бул саат 14:00гө карата көрсөткүч. "Апрелде өткөн шайлоого караганда бул жолу шайлоочулардын активдүүлүгү байкалууда", - деди ал.
Учурда Бишкекте, Ошто, Токмокто шайлоо өтүп жатат.