Токмокто 9 миң 202 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда брифингде Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жылдыз Молдогазиева билдирди.
Анын айтымында, 24,15 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул саат 14:00гө карата көрсөткүч. "Добуш берүү санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат. Ар бир шайлоочуга бет кап берилүүдө", - деди ал.