Бүгүн жалпы 34 даттануу арызы түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
"Бүгүнкү арыздар 34 кайрылуу келип түштү. Анын 13ү добуштарды сатып алуу, Бишкекте - 9, Токмокто - 1, Ош - 3. Шайлоочуларды массалык түрдө шайлоо тилкесине ташуу 7ни түздү, Бишкекте - 5, Токмок - 1, Ош - 1. Ошону менен катар эле үгүт иштеринин талаптарынын бузулушу боюнча дагы арыздар түштү", - дейт ал.