ИИМ: "Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түштү"

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана коопсуздукту бузган фактыларга жол берилген жок.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшүп, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык ички иштер органдарынын маалыматтардын электрондук журналдарына катталган.

Анын ичинен 38 наменклатуралык ишке чыгышталып, 16 маалымат каралып жатса, 2 маалымат бириктирилип, 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "добуштарды сатып алуу" боюнча 3 факты, "майда бейбаштык" боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 37 маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 23 факты наменклатуралык ишке чыгышталып, 10 маалымат каралып жатса, 1 маалымат бириктирилди. Учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "добуш сатып алуу" боюнча 3 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Ош шаары боюнча 12 маалымат катталса, анын ичинен 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, 6 маалымат каралууда.

Токмок шаары боюнча маалыматтардын электрондук журналына 18 маалымат катталып, анын ичинен 15 номенклатуралык ишке чыгышталган, бирөөсү бириктирилген. 2 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан