"Келечекте кантип жашагың келсе, ошол жашоону бүгүн башта" деген Марк Аврелий. Андыктан күндү кантип тосуп алып, кантип өткөрүү өзүбүздөн. Бүгүн жакшы күн болсо экен!
Күн бардык жерге текши тиет. Күн башталды...
Борбор калаадагы таңкы көрүнүш
Кыймылдар көбөйгөн шаар көрүнүшүнөн бир кадр
Жаңы күн, жаңы дем, жаңы кадамдар...
Бир күндө канчалаган адамды узатып, кайра тосуп алган аялдамалардын бири
Сергек жашоону тандаган шаар тургундарынын бири
Таңкы Бишкек."Кыял" аялдамасы
Сергек жашоону тандаган шаар тургуну
Ак эмгек, адал иш, бейпил жашоо...
Активдүү шаар кыймылынан көрүнүш
Таңкы шаардагы кыймылдын башталышынан бир көрүнүш
Жашоодон күтүүсүз белек күтө берүү туура эмес. Ар бир күндү майрам, ар бир таңды белек деп кабыл алуу керек экендигин унутпайлы
"Ар бирибиз өз дүйнөбүздүн сүрөтүн тартабыз. Жашоону кандай көз менен карасаңар силерге ошондой көрүнөт"-дешет. Демек, жакшы жашоо куруп, ошонун көркөм боёкторун көрүп жүрөлү!
"Миң чакырымга карай жол биринчи кадамдан башталат" деген Лао Цзы. Жаңы бүгүнкү күндөн башталган кадамдарыбыз ийгиликтүү болсо экен!
"Ким эрте турса ошого ийгилик келет дешет. Бирок ийигилик кандай маанайда ойгонгонуңдан көз каранды" деп айткан Марсель Ашар. А сиз шаардык замандаш бүгүн кандай маанайда ойгондуңуз экен?
Таңкы Бишкек. Күн жаңыдан уясынан чыгып жаткан кез
Күн нуру да, жашоо да түркүн түскө ээ. Кандай өң экенин өзүбүз тандайбыз. Андыктан эртеңки жашооңуз бүгүнкүдөн жакшы болсун деп тилейбиз шаардык замандаш
Күндүн чыгып келе жаткан кездин өзүндө чыныгы көркөмдүк бар