Тамашалуу айтыштары менен элге аздыр-көптүр таанылып келе жаткан төкмө акын Сапарбек Зулпуев бул ирет биздин маек төрүбүздүн коногу болуп, төкмөлүк өнөрү, айтыш тууралуу ойлорун айтып берди.
"Ал кезде 30 жашта болчумун, жаш элем. Бир жолу тандоо турунан өтпөй калып көзүмдөн жаш чыгып кеткен. Албетте, өтпөй калсаң жаман болосуң. Адамда үмүт деген бар да. Үмүттөнүп келсең эле өтпөй калсаң элестет. "Байге үчүн эмес", "Кудайдын буйруганы да", "Кийинки айтыштарда байге алам" дегениң менен ичиңде жаман болосуң, кыйналасың", - дейт Зулпуев.
Ошондой эле Сапарбек Зулпуев жакында эле Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрына жумушка киргенин, Бишкекте алты айлык онлайн окууну аяктап, диплом алганын айтты.