Ысык-Көлдүн Саруу айылында бүгүн, 29-октябрда "Кумтөр" боюнча жыйын өтүшү күтүлүп жатат. Муну бизге Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров билдирди. Акимдин айтымында, 28-октябрдагы жолугушуу УКМКнын 3 кызматкеринин сабалышына байланыштуу аягына чыкпай калды. "Бүгүн да саруулуктар чакырып, жолугушууну уланталы десе барам. Маселе сүйлөшүү жолу менен чечилгени жакшы. Менимче, айыл жаштары кызуу кандуулукка алдырып коюп, туура эмес иштер болуп жатат",- дейт Моңолдоров.
Эскерте кетсек, 28-октябрда Сарууда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 3 кызматкери сабалып, бүгүн алардын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ал эми сабалган кызматкерлердин бири ооруканада.