Аксыдагы сел: "Үч адамдын сөөгү табылды". ӨКМ 7 адамды сел агызып кеткенин маалымдады

Бүгүн, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп 9 адамдын каза болгондугун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун айтып берген. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел 7 адамды агызып кеткенин, 3 адамдын сөөгү табылганын маалымдады.

"Алдын ала маалымат боюнча, Жаңы-Жол айылында саат 20:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Мал-Калды жайлоосуна баруучу ички жолду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жеринде ӨКМнын Аксы райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу иш алып барып жатат. Кошумча маалымат берилет.

Саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду жууп, көпүрөлөрдү бузган. Мындан сырткары 7 адамды агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМнын Аксы райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу издөө иштерин жүргүзүп жатат. Издөө иштеринин натыйжасында 3 тургундун жансыз денеси табылды", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2021-07-13 01:13:48
6 адам табылды,2жарым жаштагы кызбала табылбай жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан