Аксыдагы сел: 6 адамдын жансыз денеси табылды

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында орун алган сел каптоонун кесепетинен каза болгон адамдардын ичинен 6 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Жаңы-Жол айыл аймагында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол жана Таштак айылындагы турак-үйлөрдүн короо жайын каптап, анын кесепетинен алдын ала маалыматка ылайык Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну 2016-жылы төрөлгөн наристени (аты-жөнү такталууда) жана 7 жаранды (аты-жөнү такталууда) сел агызып, издөө иштеринен 6 адамдын жансыз денеси табылды", - деп билдиришти ӨКМдан.

Издөө иштерине жалпы 25 куткаруучу, РИИБден 17 кызматкер, Акжол айыл аймагынан 60 адам, Жаңы-Жол айыл аймагынан 4 адам, Аксы райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 5 адам тартылган. Учурда издөө иштери уланууда.

Кечээ, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп 9 адамдын каза болгондугун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун айтып берген. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел 7 адамды агызып кеткенин, 3 адамдын сөөгү табылганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2021-07-13 01:43:22
Кудай сактасын.
+2
Бектурган
2021-07-13 13:09:46
Үй селканага салынып калганго...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан