Элчилик: "Москвадагы чыр-чатактын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт"

Москвадагы улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Орусия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Элчилик Кыргыз жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат. Эске сала кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Андыктан элчилик Кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Орусиянын мыйзамдарын бузбоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Элчилик тараткан билдирүүсүндө кеп кайсы маалымат тууралуу болуп жатканын белгилеген эмес.

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2021-07-13 16:02:31
Чыр чатак эмнеден келип чыкты жазбайсынарбы анда?!
+1
baltabaev
2021-07-13 21:26:33
Накти тоюп жепсинер,уруш болуптур го бугун иш жайыбызга 15 чакты орган адамдары келип бут кыргыз ишчилерди отдельге алып кетти.
Шамал болбосо дарактын учу кыймылдабайт.Эмне деп актанганы жатасынар уят,намыс барбы селерде
0
Belek1710
2021-07-14 00:44:50
дал келбейт деп отура бергиле
0
fak
2021-07-14 02:05:17
Дал келип эле бугун бут стройкаларды текшерип регистрациясы бутойун деп калгандарды отделениеге алып кеттип жатат Москвада!!!
0
fak
2021-07-14 02:11:58
Бироонун элинде мыйзамдарга баш ийип,мумкун болсо чыр чатактан алыс болгула!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан