Москвадагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында мигранттардын массалык мушташы кыздардын айынан келип чыккан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бардыгы 11-июлда башталган. Кыргыз өлкөсүнүн курьер болуп иштеген үч жараны, кыргыз кыздарын тажиктер менен кетип бара жатышканын көрүп, аларга эскертүү беришкен. Буга жооп кылып, кыздардын шериктери ал жигиттерге бычак менен кол салышкан. Жаракат алган кыргыздар ооруканага жаткырылган.
Окуя жөнүндө маалымат диаспоралардын өкүлдөрүнө жетип, андан кийин мессенжерлердеги чаттарда Кыргыз жарандары мекендештеринин өчүн алууну сунушташкан.
Буга чейин окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.