Акин Токталиев: "Садыр Жапаров жана Галина Байтерек кечирим сурашкан жок. Ошондон улам кайра арыз жаздым"

Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровго жана мамлекет башчынын мурдагы пресс-катчысы Галина Байтерекке каршы ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо арызы 12-июлда кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Доо арызда Галина Байтеректин кайсы билдирүүлөрү чындыкка дал келбей тургандыгы көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле доогер мамлекеттик алымды толук төлөгөн эмес. Үчүнчүсү арызда аты аталган жарандардын жашаган жери жазылган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми буга чейин Токталиев Жапаровду сотко бербей калдым деп билдиргендиктен биз ага байланышып көрдүк.

"8-июлда сотко арызымды бердим. Себеби буга чейин сотко бербей калгандыгымды билдиргем. Анткени алар менден кечирим сурап, чындап ал маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтабыз дешкен. Бирок 5 ай өтсө дагы алар андай кылышкан жок. Ошондуктан мен сотко арыз жазгам. Кечээ арызымды артка кайтарышыптыр, себеби кээ бир жерлерине оңдоо керек экен. Бүгүн, 13-июлда арызды кайра оңдоп тапшырдым.

Негизи сот Жапаров менен Галина Байтеректин дарегин жазып бер деп жатышат. Бирок алардыкы берилбейт экен. Сот милдеттүү түрдө өздөрү отурумга алып келиши керек эле", - деди Токталиев.

Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирген.

"Акин Токталиев үчкө бөлүнгөн дин чөйрөсүн бириктиргендин ордуна кайра ырбатып жиберди", - деп Садыр Жапаров буга чейинки маегинде айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан