Орхан Инандынын Түркиядагы жактоочусу: "Инандыны Бишкектен кыргыз улутундагы үч адам уурдаган"

Орхан Инандыны Бишкектен кыргыз улутундагы үч адам уурдап, эртеси күнү аны Түркияга алып кетишкен. Бул тууралуу Инандынын жактоочусу Халил Ибрахим Йылмаз Азаттыкка берген маегинде айткан.

"Орхан Инанды күнөөсүн моюнуна алып, тергөө менен кызматташкан жок. Бирок ал Кыргыз өлкөсүндөгү иштери жөнүндө айтып, тергөөнүн суроолоруна ачык жооп берди. Ал мектепти кантип уюштургандыгын жана акча кайдан келгенин айтты. "Мындай кылганыма өкүнбөйм бүгүн да мүмкүнчүлүк болсо өз ишим менен алектенем", - деди ал.

Аны ким кармап кеткендиги тууралуу жактоочусу Халил Ибрахим Йылмазга суроолор берилди.

"Ким уурдаганын билбейт. Бирок Кыргыз өлкөсүнүн жарандары уурдаганын айтып жатат. Бул кыргыз милициясы, атайын кызматы же башка бир топ болушу мүмкүн. Ал муну ким жасаганын билбейт. Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн үч жараны уурдаган.

Аны кармагандан кийин көзүн таңышыптыр. Эртеси аны Түркияга алып келишиптир. Ал көзү жумулган абалда беш-алты саат унаада жол жүрүп, анан учакка отурганын айтат. Аны учакка кайсы жактан салганын билбейт. Эртеси күнү аны Түркияга алып келишкен. Бирок көзү таңылуу болгондуктан кайсы өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарылганын билген эмес", - деп билдирген Халил Ибрахим Йылмаз.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhunusali
2021-07-13 18:02:19
Мындан чыкты Кыргызстандан эле учкан
+4
Milduri
2021-07-13 18:04:59
Ошондо беш алты саат жол жүрүп анан учса, Казакстанга кирип Алматыдан учкан болотда, чек арадан кантип өтүшкөн?
+5
make2
2021-07-13 21:07:45
Milduri,Тамчыдагы аэропорттон учса керек
+1
Asyl.jazi
2021-07-13 18:20:46
Тажикстан менен болгон маселени чечкилечи тезирээк. Бул Туркияда экен, ошол жактын жарандыгынан чыкпаган экен. Оздору билет да кантип чечим чыгарат. Куноосу болсо жазалайт, жок болсо акталып чыгат да буйруса.
+4
suban78
2021-07-13 19:00:06
Оштон алып чыгып кетишкен окшойт.
+1
Бектурган
2021-07-13 22:40:10
Болду да эми, бир террористик уюмдун мүчөсү кармалса кармалыптырда. Буга эмне мынча башыңарды ооруттуңар!!!...
-1
Antiradikal4
2021-07-14 14:48:33
Бектурган, бийликтин ДАКАНСАсы турбайсынбы байкуш. Таши эмне деп доорусо ишенип террорист деген. Же мына 30 жылдан бери миндеген алдынкы буиуруучулорду чыгарган Себаттан бир террорист чыкканын уктунбу??!!

Рахмат айткандын ордуна табалайсын. Бийлигин саткын сенин, Жараров менен Ташиев баш болуп. Эрдоганга жагынып кармап жоноткон ошолор.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан