Биз социалдык тармакта

Тажикстанда 4 Кыргыз жараны кармалып, алардын бири 5 жылга соттолду. Бул окуя боюнча ТИМдин маалыматы

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикстандын Жерге-Тал районунда 4 Кыргыз жараны кармалганын жазып чыгышкан. Алар Айбек Махмудов, Абдулбос Нуридинов, Иброим Мурзамидинов, Хатамбек Эгембердиев.

Алардын баары Тажикстанда жашаган ата-энелеринин туугандарын көрүү үчүн барышкан. Чоң-Алай районундагы өткөрүү пункту жабылгандыгына байланыштуу алар чек арадан Согди облусундагы өткөрүү пункттары аркылуу өтүшкөн. Бирок көп өтпөй аларга "мыйзамсыз чек арадан өтүү" беренеси менен айып тагылган. Кыргыз жарандарынын жакындары Тышкы иштер министрлигине кайрылышканы менен, Тажикстандагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги эч кимден кабар албаганын айтып чыгышкан.

Бүгүн, 13-июлда Тышкы иштер министрлиги бул боюнча жооп берди.

"Учурда Дүйшөмбү шаарындагы тергөө изоляторунда 4 Кыргыз жараны кармалып турат. Алар "мыйзамсыз чек арадан өтүү" беренеси менен айыпталууда.

Бул жарандарга консулдук жана укуктук жардам көрсөтүү максатында ушул жылдын 19-апрелинде Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кыска мөөнөттө жолугушуу уюштурууга көмөктөшүү нотасы жиберилген.

Тажикстандын укук коргоо органдарынын оозеки маалыматы боюнча 4 жаран Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айыпталып жатканын айтышкан.

9-июлда Кыргыз жараны Айбек Махмудов Исмоили Сомони райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми дагы эки жарандын соту кечээ, 12-июлда болмок, бирок күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу соттук отурум 16-июлга жылдырылган. Ал эми бир жарандын соту 14-июлда болот.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу тажик тарап элчиликтин кызматкерлерин кармалган жарандарга консулдук байланыш уюштурууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ал эми элчиликтин өкүлү сот отурумга катышууга тажик тарап макулдук берди.

Учурда бул иш министрликтин жеке көзөмөлүндө. Ал эми кармалган жарандар менен жакындарына байланыш түзүлдү", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Asyl.jazi
2021-07-13 18:18:03
Уяты жок жалганчылар. Жаратканым ыйман-ынсап берсин.
+9
Nurik1988
2021-07-13 18:28:36
Йо ошондой да болобу Тарс турс чечкиледа жок дегенде ответин бергиле силерда кармап
+7
Suior85
2021-07-13 19:07:56
Биздикилердин колунан к....к келбейт
+8
Nina.alex
2021-07-13 19:23:22
Элчини алыщ керек. 70 жащтагы чал
+8
Aimani
2021-07-13 21:46:10
Таджикистан га неге барышат.кырдаал ушундай болуп атканын билип туруп.аларга пандемия шылтоо болуптур да
+2
zam81
2021-07-13 21:48:26
Ата энеси тажикстанда болсо бизден паспорт алгандарда
+3
Mirnar
2021-07-13 21:56:07
Ушу тажиктер жаман куйгуздуго. Биз жакка 2 кадам откон тажиктида камай бергиледа чекеден.
+6
aslonur
2021-07-13 22:51:01
Тажикстанда ивсте красный рулит эртерээк чыгарганга аракет кылгыла бечараларга ит көрбөгөн күндү көрсөтүп жатышса керек айбандар
+3
Alixan-Nookat.2015
2021-07-14 00:13:25
Алардан дагы кармап алмаштыруу керек
+3
Altyn10076
2021-07-14 10:34:54
Биздикилер өткөндөгү аялдарды артка кайтарбай камап салсаңар болмок экен
+1
Altyn10076
2021-07-14 10:35:39
Эмки кармалгандарды камагыла аябай эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан