Паралимпиада: Хаят Хусан кызы Кыргыз өлкөсүнө экинчи жолдомону алып келди

Хаят Хусан кызы 24-августтан 5-сентябрга чейин Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Хаят Хусан кызы Паралимпиада оюндарына Пара-Дзюдо боюнча катышат. Ал өлкөбүздүн атынан катышкан биринчи көзү азиз спортчу.

Муну менен Хаят Хусан кызы Кыргыз өлкөсүнүн карамагына Паралимпиада оюндарына экинчи жолдомону алып келди. Буга чейин Арстанбек Базаркулов ядро түртүү боюнча Паралимпиадага жолдомо уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан