"Токио-2020": Паралимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсү алгачкы жолдомону утту. Ким утту?

Арстанбек Базаркулов 24-августтан 5-сентябрга чейин Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына жеңил атлетика боюнча (ядрону түртүү) биринчи лицензияга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Арстанбек Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышуусунун жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алган.

Ал 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдешинде ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде 4-орунду, ал эми Ноттвилде өткөн Гран-при мелдешинде 7,98 метр жыйынтыгы менен коло медаль жеңген.

Белгилей кетсек, спортчунун аталган мелдештерге катышуусу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан