Бишкекте 14-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнү белгиленет

Кыргызстандын диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясы 2013-жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейин кант диабетин алдын алып (эрте) аныктоо (кант диабетине кабылуу коркунучу бар жарандардагы глюкозанын деңгээлин өлчөө) акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган ассоциациядан бүгүн, 29-октябрда билдиришти.  

14-ноябрга карата Бишкек шаарынын бий топторунун концерти, кант диабетинин 1- тиби менен ооруган балдардын программасы, "Алтын шаты" президенттик академиясынын окуучуларынын программалары, кант диабети маселесине арналып чыгарылган видеороликтер көрсөтүлөт. Акциянын жүрүшүндө кант диабети жана аны алдын алуу жаатындагы маалымат баракчалары таратылат. Акциянын аягында флешмоб өткөрүлөт.

Ал эми 11-ноябрда  кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда «Диабет менен бирдикте (чогуу) курѳшѳлү» маданий иш-чарасы өтөт. Түшкөн каражат Бишкек шаарындагы балдарга өзүн көзөмөлдөөчү каражаттарды сатып алууга жана акцияны өктөрүүгө жумшалат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан