Президенттик администрациясынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүшүүдө

Президенттик администрациянын кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо кампаниясынын алкагында эмдөөдөн өтүшүүдө. Бул тууралуу администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы популяциялык иммунитетин иштеп чыгуу максатында республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырган.

Президенттин администрациянын, министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылган.

Мындан сырткары Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарды аң-сезимдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүп, ден соолукту сактоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Адистердин айтымында, эмдөөдөн өтүү өзүн жана башкаларды инфекциядан сактоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан