Медицина, билим берүү, туризм, спорт... Улукбек Марипов Кореянын ишкерлери менен ар тараптуу кызматташууну талкуулады

Кыргыз өлкөсүнө өз ара кызыкчылыкты жараткан келечектүү багыттарда мамлекеттик жеке өнөктөштүк жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө үчүн Түштүк Кореядан бизнес-делегация өкүлдөрү келишти. Алар менен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашты.
"Түштүк Корея Кыргыз мамлекетинин Азия-Тынч океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Делегациянын өкүлү Пак Хё Риндин "Манас" эл аралык аэропортундагы ыкчам режимде ПЦР-тесттен өткөрүү үчүн заманбап лабораторияны ачуудагы өзгөчө ролун белгилегим келет.
Кореянын санариптештирүү жана алдыңкы SMART технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы жана жетишкендиктери жаатында конструктивдүү диалог болуп өттү. Биз өзгөчө көңүлдү келечекте Кыргыз өлкөсүнүн башка шаарлары үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болчу "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга бурдук.
Өз кезегинде кореялык компаниялардын өкүлдөрү санариптештирүү, медицина, билим берүү, туризм жана спорт жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин белгилешти", - дейт Марипов.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, министрлер кабинетинин төрагасы эки тараптуу кызыкчылыкка багытталган долбоорлордун ишке ашырылышына бардык аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан