Бишкекте тоноочулукка шектелип 20 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"1-июнь күнү Ленин РИИБине К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү Рыскулов жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран 44 миң 500 сом турган Samsung үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алганын айткан", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берененин ("Тоноо") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 2001-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан