Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгынын бюросу Ооганстанда гуманитардык кризис күтүлүп жаткандыгын эскертип кооптонууларын билдиришти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жазылган.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айынан бери эле болжол менен 270 миң Ооган жараны үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү ички качкындардын жалпы саны 3 жарым миллиондон ашкан. Акыркы апталарда Ооганстанда коопсуздук кырдаал начарлап, көптөгөн үй-бүлөлөр коопсуздук издеп качуудан башка аргасы калган эмес.
Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы жардам миссиясынын маалыматы боюнча, ушул жылдын биринчи кварталында жарандар арасындагы жоготуулардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 29 пайызга көп. Алардын арасында аялдар жана балдар барган сайын көбөйүүдө.
"Узакка созулган чыр-чатактар, жер которгон адамдардын санынын көбөйүшү, COVID-19, тез-тез болуп турган табигый кырсыктар, анын ичинде кургакчылык жана жакырчылыктын тереңдеши ооган элинин чыдамын чекке жеткирди. Аталган өлкөдө жана андан тышкары жерлерде жашаган оогандыктардын 65 пайызга жакыны балдар жана жаштар", - деп айтылат маалыматта.
Уюм учурдагы зомбулуктун башталышы токтотулбаса, анда өлкө ичиндеги жер которууларды, ошондой эле коңшу өлкөлөргө жана анын чегинен тышкары жактарга качкындардын көбөйүшүнө алып келерин эскертти. Бардык ооган качкындарынын 90 пайызын (эки миллиондон ашууну) Иран жана Пакистан мамлекеттери кабыл алууда. Эки өлкө тең качкындарды коргоо, медициналык жардам жана билим берүү кызматтары менен камсыз кылышат.