Москвадагы мушташ: Элчилик кармалган Кыргыз жарандары менен жолукту

Москвадагы "Кузьминки" метросунун жанындагы массалык мушташ боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги кармалган Кыргыз жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери кармалган Кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрүп, анда юридикалык кеңештерин беришти. Ошол эле учурда Орусиянын Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен аталган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун алкагында жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Элчилик ошондой эле Орусиянын компетенттүү органдарына тиешелүү суроолорду жөнөттү. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Буга чейин Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышууга айыпталып 42 адам камалганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан