Бүгүн, 16-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолукту. Мындай маалымат өзбек президентинин расмий сайтына жарыяланды.
"Жолугушууда аймактык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Акылбек Жапаров Өзбекстандын президентине Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаровдун ысык саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди. Ушул жылдын март айында жогорку деңгээлде өткөн өзбек-кыргыз саммитинин жүрүшүндө кабыл алынган макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, жолугушууда өнөр жай, энергетика, айыл чарба, транспорт жана логистика, биргелешкен инвестициялык компаниянын ишин уюштуруу жаатындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу долбоорлорун эрте илгерилетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген.