Улуу Британия балдарды жана өспүрүмдөрдү массалык эмдөөдөн баш тартты

Британия бийлиги коронавируска каршы балдарга жана өспүрүмдөргө массалык эмдөө жүргүзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, эмдөө жана иммунизация боюнча биргелешкен комитет кошумча тобокелдиктердин натыйжалары чыкканга чейин балдарды эмдөөдөн баш тартууга чакырган.

Коронавируска аялуу, ошондой эле ооруп калуу мүмкүнчүлүгү жогору чоңдор менен жашаган 12 жаштан 15 жашка чейинки балдарды жана 18 жашка 3 айда толо турган өспүрүмдөрдү гана эмдөө сунушталууда. Алар үчүн Британиянын баңгизаттарды көзөмөлдөө администрациясы тарабынан жактырылган Pfizer/BioNTech вакцинасын колдонуу пландаштырылууда.

Буга чейин Улуу Британияда 46 миллион 200 миң адам эмдөөдөн өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан