Соңку суткада өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын арасында ак халатчандар жок. Мындай маалыматты бүгүн, 21-январда өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабарлады.
Бир суткада үй карантининен 1 медкызматкер чыкты.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 161 кызматкеринен аныкталса, алардын ичинен 4 миң 67си сакайды.