Эртең, 20-июлда Курман айт намазы Ош шаарындагы 41 мечитте окулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, айт намаз санитардык эрежелерди так сактоо менен 07:30да окулат.
Анда коюлган талаптар:
- Бет каптын болуусу талап кылынат;
- Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат;
- Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метр аралыкты так сактоо;
- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
- Дааратты үйдөн алуу;
- Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
- Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.