Бишкекте Путепроводная жана Чокан Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде Volkswagen Golf жана Honda Fit унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жол кырсыктын кесепетинен 4 эркек киши жабыркаган. Алар 1996-жылы туулган К.Б., 1995-жылы туулган М.А., 1994-жылы туулган О.Т., 1983-жылы туулган Т.У. аттуу жарандар.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.