Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда. Маалыматты президенттик администрациянын басма сөз кызматынан тастыктады.
Президенттик администрация азырынча Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна эмне жумуш менен барганын айта элек.
Анда өлкө башчы көлдүн жээгине барып, ал жакта эс алып жаткандар менен сүрөткө түшүп жаткан видеосу тарады. Анда эс алуучулар кезектешип, сүрөткө түшүп жатканын видеодон көрүүгө болот.
Президент Жапаровдун "жергиликтүүлөр тийишпей элеби?" деп эс алып жүргөндөрдөн сураган. Ошондой эле тасмада ал жактагы адамдардын "сизге күзөтчүнүн деле кереги жок" деп айтып жатканын угууга болот.