АКШнын Кыргызстандагы элчилигине ичине ак порошок салынган конверт келгенин бүгүн, 29-октябрда Ички иштер министрлиги тастыктады. Бул каражатты элчилик экспертизадан өткөрүп бирок ИИМге эч кандай маалымат бере элек.
"Бизге кайрылыша элек, экспертизаны өздөрү жүргүзүүдө. Ал конверт кандай почта аркылуу келгени да азырынча белгисиз",- деди ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.